Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаев жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаар башчысы Асилбек Маткалыков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Белгиленгендей, Садыр Жапаров тескемелерге бүгүн, 28-февралда кол койду.
Фархат Алжамбаев берген арызына ылайык, Асилбек Маткалыков жеке арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
Эске салсак, президенттик аппараттын 21-февралдагы коллегиясында Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаевге өзүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн анын орун басары Гүлназ Орозованы ээлеген кызматынан бошотуу сунушталган.