Чүй облусунда жер тилкелерин мыйзамдаштыруу иштери башталгандан бери жарандардан 43 миң 267 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Назгүл Жоомартова Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, буга чейин 31 741 арыз каралган.
«Мунапыс административдик-аймактык реформага чейин болгон жана азыр да уланууда. Биз Бишкекке аткарылган актылары менен 17 753 арыз тапшырдык», — дейт Назгүл Жоомартова.
Эске салсак, жерге мунапыс 2022-жылы башталган. Бишкекте ал 2025-жылдын аягына чейин бүтөт.