Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагынан чыгарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койгон токтом «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.
Цирк искусствосун өнүктүрүү максатында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлгөн. Мекемени «Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки» мамлекеттик ишканасына айлантып, Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөрүү керек.
Токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эске салсак, Кыргызстандагы жалгыз цирк 1976-жылы курулган. 2015-жылы өкмөттүн токтому менен Абубакир Изибаевдин ысымы ыйгарылган. Цирк ачылгандан бери имаратта биринчи жолу капиталдык оңдоо иштери өткөн жылы жүргүзүлгөн.