Бакытбек Алишеров Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстводон маалымдышкандай, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Иштөө тажрыйбасы:
1999-2005-жылдары КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясында;
2005-2006-жылдары КР Мамлекеттик бажы кызматында Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жана киийнчерээк Контрабандага, баңгизат бизнесине жана каршы күрөшүү башкармалыгында башкы тескөөчүсү;
2006-2009-жылдары «Экспорттук көзөмөл жана чек ара коопсуздугу» программасы боюнча административдик жардамчы;
2010-2012-жылдары Мамлекеттик бажы кызматы;
Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;
2012-2017-жылдары коммерциялык түзүмдөрдө;
2018-2021-жылдары КР өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-усулдук борборунун директору;
2021-2022-жылдары КР президентинин администрациясында төраганын биринчи орун басарынын кеңешчиси;
2022-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги сегмзмнчи саясий департемаентинин директору;
2022-2023 Россиядагы Евразия экономикалык комиссиясыннын Энергетика жана транспорт боюнча коллегия мүчөсүнүн (министрдин) катчылыгынын жетекчиси кызматтарында эмгектенген.
Атайын наамы: Бажы кызматынын майору.