19:26
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Кыргызстанда 200 миңден ашык бала «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алат

Өлкөдө «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны 58,4 миң үй-бүлөнү түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамына ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөкпул чегерүүнүн жоболору каралган. Ага ылайык, жөлөкпул үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн аз болгон шартта дайындалат.

Жөлөкпулдун бул түрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан чыкканга чейин убактылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бүгүнкү күнү кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сом, «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдун өлчөмү ар бир балага 1200 сомду түзөт.

Ал эми бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдун өлчөмү, тийиштүү райондук коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө бала 16 жашка чыкканга чейин гана дайындалат.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо маселелери боюнча толук маалымат жана консультация алуу үчүн жарандар социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарына кайрыла алышат.

Үстүбүздөгү жылдын 1-февралына карата «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны 207,9 миң баланы, же 58,4 миң үй-бүлөнү түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар