18:58
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары дайындалды

Мирлан Рахманов Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Салык кызматы
Фото Салык кызматы. Салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов
Кызматка дайындоо жөнүндө буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жаңы орун басар Мамлекеттик салык кызматынын жамаатына тааныштырылды.

Маалым болгондой, Мирлан Рахманов буга чейин Бишкектин Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.

Эң көп окулган жаңылыктар