2025-жылы «Бишкек жашыл курулуш» ишканасы 20 гектар жерге сегиз свер ачууну пландап жатат. Бул тууралуу муниципалдык ишкананын агроному Жаныбек Жумалиев Биринчи радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, «эми шаар чындап жашыл болот».
Жаныбек Жумалиев борбор калаанын Ленин районунда үч паркты оңдоо пландалып жатканын, алардын бири Орок айылында (азыркы Бишкектин бир бөлүгү) жайгашканын тактады.
Октябрь жана Биринчи май райондорунда дагы эки, Свердловскиде бирден жаңы сейил бак пайда болот.
«Бишкек жашыл курулуш» ишканасы тротуарларды, ирригациялык системаны, жарыктандырууну жаңылап, таштанды челектерин, отургучтарды орнотуп, жашыл аянтчаларды жарым-жартылай алмаштырат.