Ош облусунда акимдин орун басарларына кызматтык унаалар тапшырылды

18:08, 27 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com

Ош облусунда жети акимдин орун басары кызматтык унаа алышты. Бул тууралуу облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус жетекчиси Элчибек Жантаев өкмөттүн аппаратынын кызматкерлерине жана райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарларына 14 кызматтык автоунаа тапшырды. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына 1 автобус берилди.

Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү
Белгилей кетсек, райондорго берилген Chevrolet Tracker жана Chevrolet CobaIt үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар жана 1 даана автобус 2025-жылы чыгарылган.