Мирбек Мамбеталиев Маданият министри болду. Президент жарлыкка кол койду

17:52, 27 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Мамбеталиев Мирбек Кемелович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды.

Кечээ, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна Мирбек Мамбеталиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралып, колдоо тапкан.