Чолпон-Ата шаарынын тургуну Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө К.К. текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң процессуалдык чечим кабыл алуусун суранып, УКМК кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара сунуш кылган.
25-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында К.К. аттуу жаран УКМК кызматкерлерине 29 миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.