Ысык-Көлдө досунун өлүмүнө шектүүлөр кармалды

14:33, 27 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com

Укук коргоо кызматкерлери досун өлтүргөн деген шек менен эки адамды кармашкан. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл райондук ооруканасы бейтаптын өлүмү боюнча милицияга кайрылган. Дарыгерлердин айтымында, ошол күнү болжол менен саат 23:50дө катуу сабалган, болжол менен 25-30 жаштардагы эркек киши алган жаракатынан улам каза болгон. Укук коргоо кызматкерлери маркумдун өздүгүн такташты. Ал Бишкек шаарында жашаган 33 жаштагы Т.Д.болгон.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси боюнча иш козголду.

Ыкчам кызматкерлер кылмышка шектүүлөрдү аныктап, кармашкан. Алар Чолпон-Ата шаарынын 32 жаштагы Н.Ж. жана Жети-Өгүз районунун 32 жаштагы К.А. Кармалгандар күнөөсүн мойнуна алып, досун эски таарынычтан улам ур-токмокко алышканын, ал аларды кемсинткендигин айтышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган адамдар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.