Кыргызстанда 2025-жылдын январь айында республикалык бюджеттин кирешеси өткөн жылдын биринчи айына салыштырмалуу 25,6 пайызга өстү. Мындай маалыматтар Каржы министрлигинин материалдарында камтылган.
2024-жылдын январында бюджеттин кирешеси 26,2 миллиард сомду, ал эми 2025-жылдын январь айынын акырына карата 32,9 миллиард сомду түзгөнү такталган.
Казынага салыктык түшүүлөр 29 миллиард сомго (27,7 пайызга) көбөйгөн. 2025-жылдын январында кирешелердин түзүмүндө салыктардын үлүшү 88,3 пайызды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 86,8 пайызды түзгөн.