08:30, 27 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com
Бүгүн, 27-февралда Бишкектин Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу убактылуу токтотулат.
Маалыматка ылайык, өчүрүү шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу. Суу төмөндөгү даректерде жок болот:
Саат 10:00дөн 20:00гө чейин — Кийизбаев, Мамбетов, Курманжан Датка көчөлөрү менен чектешкен аймак;
Саат 10.00дөн 17.00гө чейин — Ахунбаев, Руставели, Тыналиева көчөлөрү;
Саат 10:00дөн 14:00гө чейин — Саманчин, Малдыбаев, Байтик Баатыр, Сүйөркулов, Тыныстанов, Ахунбаев көчөлөрү.