Орозо кармоого организмди кантип даярдоо керек? Дарыгердин кеңеши
08:00, 27 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com
Эки күндөн кийин ыйык Рамазан айы башталат. Орозо кармоо жеңил жана ден соолукка пайдалуу өтүшү үчүн организмди алдын ала даярдоо зарыл. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, төмөнкү кеңештерди колдонсоңуз болот:
- Кофе жана чай ичүүнү азайтуу — бул орозо биринчи күндөрү баш ооруну болтурбоо үчүн;
- Кант, туз жана майлуу тамактарды колдонууну азайтыңыз — бул сиздин организмиңизге оңой көнүүгө жардам берет;
- Суу ичүүнү көбөйтүңүз — суусагандан алдын алуу үчүн күнүнө жок дегенде 1,5 литр жылуу суу ичиңиз. Суу ичүүнү эсептей аласыз: 1 килограмм салмакка 30-35 миллилитр суюктук.
- Рационуңузга татаал углеводдорду кошуңуз — дан эгиндери, нан, буурчак өсүмдүктөрү — энергияны узакка сактоо үчүн;
- Денеңиз күнүмдүк режимиңиздеги өзгөрүүлөрдөн стресске дуушар болбошу үчүн уйку режимиңизди жөнгө салыңыз.
2025-жылы ыйык Орозо айы 1-мартта башталат. Бул күнү өлкө мусулмандары 29-март күнү кечке чейин созула турган орозо кармай башташат.