Жалал-Абадда жергиликтүү мектепти курууда ири суммадагы акчаны ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
«Облустук прокуратура Жалал-Абад шаарындагы Фуркат орто мектебин курууда өзгөчө ири өлчөмдө акча уурдалганын аныктады. Облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери ООО К. менен тил табышып, иш жүзүндө аткарылбаган курулуш иштерин кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизип, мыйзамсыз түрдө 6,3 млн сом төлөп беришкени аныкталган», — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Документтерди жасалмалоо» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Андан ары иликтөө үчүн материалдар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.