Камчыбек Ташиев Баткендеги стадиондун курулушуна капсула салды

17:48, 26 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткенде 10 миң орундуу стадиондун курулушуна капсула салды. Бул тууралуу облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Спорт комплексинин жалпы аянты 10 гектарды түзөт. Аймакта үч машыгуу аянтчасы, төрт мини-футбол аянтчасы жана кийим алмаштыруучу жай бар.

Стадионду айланта орнотула турган жарык берүүчү приборлордун аркасында кечинде турнирлерди да өткөрө алат.

Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы
Комплексте ошондой эле профессионал спортчулар жана жаш оюнчулар үчүн 100 орундуу жатакана жана 200 унаа үчүн унаа токтотуучу жай да болот.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү белгилегендей, иш-чаралар президенттин «2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.