УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткенде 10 миң орундуу стадиондун курулушуна капсула салды. Бул тууралуу облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Спорт комплексинин жалпы аянты 10 гектарды түзөт. Аймакта үч машыгуу аянтчасы, төрт мини-футбол аянтчасы жана кийим алмаштыруучу жай бар.
Стадионду айланта орнотула турган жарык берүүчү приборлордун аркасында кечинде турнирлерди да өткөрө алат.
Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү белгилегендей, иш-чаралар президенттин «2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.