2025-жылдын январь айынын аягында күйөөсү түрк жараны тарабынан сабалган кыргызстандык Г.К., баласы менен мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлик Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугуна жана аялдын укуктарын коргоодо колдоо көрсөткөн жана анын аман-эсен кайтып келишине шарт түзгөн бардык адамдарга жана бул маанилүү маселени чечүүдө негизги ролду ойногон кызыкдар жарандарга ыраазычылык билдирет.
Мекеме чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого умтуларын ырастады жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү уланта берет.
Буга чейин Анталияда кыргызстандык аял күйөөсү түрк жараны тарабынан сабалганы маалымдалган. Ал анын баласын колунан тартып алган. Бул окуя Кыргыз Республикасында кеңири коомчулукта резонанс жараткан.