Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыковдон Сокулук районундагы No19 (өзгөчө режим) түзөтүү абагында эмне болуп жатканын сурады.
Эл өкүлүнүн айтымында, абактагылардын жакындары келип, колонияда кыйноого алынып жатканын билдиришкен.
«Алар жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылышкан, бирок журналисттер бул маселени жазбай жатышат. Башкы прокуратура жана башка укук коргоо органдары бул ишти териштирүүнү каалашпайт, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери колонияга барышкан, бирок так жооп бере алышпайт», — деди Дастан Бекешев.
Кемел Садыков бул маалымат чындыкка дал келбей турганын, абактагылардын эч кимиси кыйноого алынган эмес деп жооп берди.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева абактагылардын жакындарынын жана депутаттардын кайрылууларынын негизинде бул ишти атайын прокурор иликтеп жатканын, бирок абактагылар соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартып жатканын кошумчалады.
«Абактагылар арыз жазуудан баш тартып, арызды алар эмес, алардын туугандары жазып жатканын айтышууда. Маалым болгондой, акыркыларга абактагылар менен жолугушууга тыюу салынган жана абактагыларга телефон колдонууга тыюу салынган», — деди ал.