Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында мурда Октябрдын 40 жылдыгы атындагы тигүү фабрикасы — «Айгүл» акционердик коомунун балансында турган мамлекеттик мүлктүн бир бөлүгү — бала бакчанын имараты мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылгандыгы аныкталды.
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жана социалдык объектилерди ээликтен ажыратууга тыюу салган колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды бузуу менен жогоруда аталган бала бакча комплекси «Айгүл» АКнын балансынан мыйзамсыз чыгарылып, жеке жактарга сатылып кеткендиги такталган.