Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-февралдагы жалпы жыйынында депутаттар Мирбек Мамбеталиевди Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына дайындоого макулдук беришти.
Добуш берүүдөн кийин вице-спикер Нурбек Сыдагалиев жаңы министрге ийгилик каалап, реформаны анын орун басарларынан баштоо керектигин айтты.
«Орун басарлар кесипкөй болушу керек жана сиздин блоггерлериңиздин баары ошол жерде отурушат», — деди ал.
Кошумчалай кетсек, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары кызматын Чыңгыз Эсенгул уулу ээлейт. Дагы үч орун басары : Гүлбара Абдыкалыкова, Тимурлан Ажымалиев жана Марат Тагаев болуп саналат.