Кыргызстанда Жеңиштин 80 жылдыгына арналган тарыхый сериал тартылат

12:35, 26 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган тарыхый сериал тартылат. Маданият министрлигине караштуу «Кыргызсериал» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмеси көркөм фильмдердин сериясын тартууга тийиштүү тендер жарыялады. Тиркеме мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.

Сериалды чыгарууга 40 миллион сом каралган. Сюжет фашисттик баскынчыларга каршы боштондук күрөшкө катышкан кыргызстандык жоокер аялдардын эрдиктерин чагылдырат. Тасма сегиз сериядан турат. Алардын ар биринин узактыгы 45–50 минутаны түзөт.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү — 2025-жылдын 5-мартта аяктайт. Долбоорду 19-ноябрда бүткөрүү пландалууда.

Серияны чыгаруу үчүн тендердин жеңүүчүсү жооп берет.