Маданият кызматкерлеринин эң аз айлык акысы 6 миң сом. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында маданият министри кызматына талапкер Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Анын айтымында, бул жаатта орточо айлык 16 миң сомду түзөт.
Депутат Бактыбек Марипов талапкерге кызматка киришээри менен биринчи кезекте маданият кызматкерлеринин маянасын карап чыгууну өтүндү.
Депутат ошондой эле акыркы убакта маданият кызматкерлери алдамчылык схемаларды көп жарнамалап жатканын эске алууну өтүндү.