17:59
USD 87.45
EUR 95.50
RUB 1.02

Эмне үчүн башка тармактын адамы Маданият министри болуп келаткандыгы айтылды

Парламенттин бүгүн, 26-февралдагы жалпы жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу депутаттарга Маданият министри кызматына талапкер эмне үчүн башка тармактагы адам экенин түшүндүрдү.

Төраганын айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият министрликтерин экономисттер, финансисттер жетектегендиктен, бийлик башка иш ыкмаларына өтүүнү чечти.

«Ошондуктан, Маданият министри болуп эл артистти, жазуучуну дайындоонун кереги жок. Бул министрликке сырттан бир кишини алып келип жетекчи болуп иштейли деп чечтик. «Министрдин милдети — министрликтин ишин уюштуруу жана саясатты жүргүзүү», — деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Муну депутаттар эске алууну суранды.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште маданият министри кызматына Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлиги каралууда. Бир күн мурун депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналына талапкердин резюмесин жарыялап, маданият менен алектенбегенин жазган.

Буга чейинки маданият министри Алтынбек Максүтов 2025-жылдын 21-февралында ээлеген кызматынан бошотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар