Бүгүн Албанияда рейтингдик мелдеш башталат. Кайсы балбандар катышат?

09:00, 26 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com

Кыргызстандын эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командалары Албаниянын Тирана шаарында өтө турган рейтингдик турнирге катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агентигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 26-февралда башталып, 2-март күнү жыйынтыкталат.

Эркин күрөш боюнча курама команда:

— 57 кг Алмаз Сманбеков, Абдумалик Карачов;

— 61 кг Бекболот Мырзаназар уулу, Бекзат Алмаз уулу;

— 65 кг Улукбек Жолдошбеков, Билол Шарип уулу, Тайырбек Жумашбек уулу;

— 70 кг Өмүрбек Таалайбек уулу;

— 74 кг Орозбек Токтомамбетов;

— 86 кг Бекзат Рахимов, Мухаммад Абдуллаев;

— Азат Мирахимов — улук машыктыруучу;

— Ильгиз Жакыпбеков — улук машыктыруучу;

— Эламан Догдурбек уулу — улук машыктыруучу.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама комнада:

— 57 кг Сезим Жуманазарова;

— 62 кг Калмира Билимбекова;

— 68 кг Гүльнура Таштанбекова;

— 76 кг Айпери Медет кызы;

— Нурбек Изабеков — башкы машыктыруучу;

— Нурдин Донбаев — улук машыктыруучу.

Грек-рим курөшү боюнча курама команда:

— 55 кг Улан Муратбек уулу, Нурболот Бердикулов;

— 60 кг Акыл Сулайманов;

— 63 кг Дөөлөтбек Чойбеков, Дастан Кадыров, Баяман Апилов;

— 67 кг Раззак Бейшекеев, Баяман Каримов;

— 72 кг Ырыскелди Хамзаев;

— 77 кг Ырыскелди Максатбек уулу, Адилхан Нурланбеков;

— 82 кг Бексултан Назарбаев, Бекзат Орункул уулу;

— 87 кг Азат Салидинов, Асан Жанышов;

— 97 кг Нурмамбет Раймалы уулу, Мелис Айтбеков;

— 130 кг Эрлан Манатбеков;

— Уран Жузуп уулу — башкы машыктыруучу;

— Атай Замирбеков — улук машыктыруучу.