Эртең, 26-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн −2...+3, күндүз 0...5
Таласта түнкүсүн −3...+2, күндүз −2...+3
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1...+4, күндүз 1...6
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −4...+1, күндүз 4...9
Нарында түнкүсүн −5...-10, күндүз 2...7
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 0...2°, күндүз 1...3° болот.