18:20
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Адылбек Касымалиев Казакстандын президенти менен жолугушту

Астанада Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусу өттү. Бул кыргыз делегациясынын Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында болгонун министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан буга чейин жетишилген саясий, соода-экономикалык, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча кызматташууну тереңдетүү жана максималдуу ишке ашыруу маселелери каралды.

Ошондой эле, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы айрым учурда болуп жаткан жүк ташуучулардын кезек күтүүсүн болтурбай турган электрондук кезек системасын киргизүү, өткөрүлүп жаткан жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүү, кошумча Кичи-Капка — Бесагаш жана Камышановка — Ак-Суу өткөрүү пункттарын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын бакубатчылыгы үчүн жетишилген буга чейинки макулдашууларды ишке ашырууну жана аны бекемдөөнү макулдашты.

Эң көп окулган жаңылыктар