18:10
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Казакстан атомдук электр станциясын куруу үчүн жерди аныктады

Казакстандын өкмөтү атомдук электр станциясын куруу үчүн жерди аныктоо боюнча токтом кабыл алды. Казакстандык басылмалардын маалыматына ылайык, ал 2024-жылдын 30-декабрында кабыл алынып, бүгүн, 25-февралда жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, атомдук электр станциясы Алматы облусунун Жамбыл районунда курулат. Курулуштун так жери айтыла элек, бирок 2023-жылы Энергетика министрлиги изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында «АЭСти куруу үчүн эң ыңгайлуу аймак катары Жамбыл районундагы Үлкен айылынын аймагы тандалганын» билдирген.

Улкен айылы 1984-жылы негизделген. Ошол кезде ал жерде Түштүк Казакстан мамлекеттик райондук электр станциясы курулат деп болжолдонгон, бирок бул пландар ишке ашкан эмес. 1997-жылы Казакстан Республикасынын Ядролук коомунун сунушу менен бул жерди АЭС куруу үчүн пайдалануу чечими кабыл алынган, бирок экологдордун жана өлкөнүн тургундарынын нааразычылыгынан улам курулуш иштери жүргүзүлгөн эмес.

Казакстанда атомдук электр станциясын куруу чечими өткөн жылы референдумда кабыл алынып, ага чейин республикадагы активисттер менен экологдор да нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Улкен айылынан Бишкекке чейин 264 чакырым, Алматыга чейин 322 чакырым, Чолпон-Атага чейин 377 чакырым болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар