Жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында бүгүн саат 8.30дан 18.00гө чейин Бишкектин11-кичи районунда жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт.
Мэриядан билдиришкендей, төмөнкү даректер өчүрүлөт:
11- кичи райондогу турак жай имараттары — № 2,15,16,17,17/1,17а,18,19,20,20/6,21,22,23,24,25,26,27, ошондой эле № 94 бала бакча.
Белгилей кетсек, оңдоо иштери кыш мезгилине карабай уланууда.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарга туура менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.