Кара-Балта шаарында президенттин иш башкармалыгынынбашчысы Каныбек Туманбаев 60 турак жай комплексин курууга капсула салды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ар бир турак-жай 15 кабаттуу болот. Комплекс 4420 батирге эсептелген.
Курулуш аймагында 80 коммерциялык жай, 750 орундуу мектеп, эки бала бакча, балдар аянтчасы, эс алуу зонасы жана 2064 орундуу унаа токтотуучу жай курулат. Үйлөрдүн өз казандары да болот.