14:52
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Президентке айрым райондордун акимдерин кызматтан алуу сунушталат

Президенттик аппараттын жыйынынын соңунда министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев бир катар райондордун акимдерин ээлеген кызматынан бошотуу сунушу мамлекет башчынын кароосуна киргизиле турганын билдирди.

Атап айтканда, төмөнкүлөр аталат:

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев;

Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов;

Араван районунун акими Сейтек Кулубаев;

Ноокат районунун акими Жакынбек Субагожоев;

Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров;

Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев;

Манас районунун акими Досманбек Жээнбеков.

Кошумчалай кетсек, Каракол шаарынын мэрине анын орун басары Гүлназ Орозова жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотуу суралган. Нарын районунун акимине да орун басарын кызматтан алуу сунушталды.

Эң көп окулган жаңылыктар