15:29
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Сөгүш жана иштен бошотуу. Касымалиев негизсиз иш сапарларга кандай жаза берди?

Аткаруу тартибиндеги кемчиликтери, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, негизсиз командировкалар жана иш пландарын талаптагыдай эмес жүргүзгөндүгү үчүн президенттик аппараттын коллегиясында министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев сөгүш, катуу сөгүш, жада калса кызматтан алуу тууралуу да жарыялады.

Ошентип, жаратылыш ресурстары министри Медер Машиевге, жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Райымкуловага, айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдиновго, эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулуна катуу сөгүш жарыяланды.

Ал эми Санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Клим Омельченкого, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Сергей Слесаревге, эмгек министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаевге, билим берүү министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиевге, жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары Кубат Касеиновго, маданият министринин орун басары Темирлан Ажымалиевге,Эмгек министринин орун басары КыялЖанузаковага, Коргоо министринин орун басары Эрлис Тердикбаев, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Максатбек Саргазаков, Климатекан Финнеттин министринин орун басары Мирбилан Финнеттин директорунун орун басарына сөгүш жарыяланды.

Уруксатсыз командировкага барганы үчүн суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Алмаз Сокеев кызматынан бошотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар