15:40
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Каржы министрлиги кызматкерлери иш сапардан улам миңден ашык жумуш күнүн жоготту

Юстиция, финансы, транспорт, саламаттыкты сактоо жана айыл чарба министрликтеринин кызматкерлери орто эсеп менен он күндөн ашык чет өлкөгө командировкада болушкан. Бул тууралуу өлкө башчынын жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Осмонов президенттик аппарат менен министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

«Бул абдан олуттуу көйгөй. Маселен, Каржы министрлигинен 88 кызматкер чет элдик командировкада болгон. Алардын ар бири орто эсеп менен 14 жумуш күнүндө ишке чыкпай калгандыгы аныкталды. Ошентип, Каржы министрлигинин кызматкерлери жалпысынан 1232 жумуш күнүн жоготушту», — деди ал.

Азамат Осмонов белгилегендей, өткөн жылдын май айынан бери чет элдик иш сапарларды көзөмөлдөө департаменти менен макулдашуу тартиби киргизилгенден бери чет өлкөгө иш сапарга чыгуу боюнча 439 арыз түшүп, анын 128и четке кагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар