Өткөн жылы 128 чиновниктин иш сапары Кыргызстандын президентинин аппараты тарабынан четке кагылган. Бул тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Осмонов билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөгө расмий сапарга чыгууга жалпысынан 439 арыз макулдук берүү процедурасынан өтүп, анын ичинен 128 сапар максатсыз жана пайдасыз деп табылып, четке кагылган.
Маселен, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарынын Астанадагы Эл аралык аялдар конгрессине, санариптик өнүгүү министринин орун басарынын Азербайжандагы сот системасы боюнча иш-чарага баруусу четке кагылды.
Дирекциянын эсебинде 2024-жылы 2171 мамлекеттик кызматкер чет өлкөгө иш сапарга чыккан.