«Каракол» эл аралык аэропортуна IKG коду ыйгарылды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, үч тамгадан турган уникалдуу код дүйнө жүзүндөгү аэропортторго Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (ИATA) тарабынан берилет. Бул код авиация тармагындагы процесстерди жөнөкөйлөтүү үчүн стандартташтырылган системанын бир бөлүгү болуп саналат.
Каракол аэропортунун жаңы аэропорттук терминал комплекси саатына 250 жүргүнчүнү өткөрүүгө жөндөмдүү жана жалпы аянты 8 миң чарчы метрди түзөт. Реконструкциянын алкагында учуу-конуу тилкесин 400 метрге узартуу камтылган, бул ага заманбап учактарды жайгаштырууга мүмкүндүк берет.
Келечекте чоңураак учактарды кабыл алуу жана эл аралык каттамдарды кеңейтүү үчүн тилкени дагы 3,5 километрге чейин узартуу пландаштырылууда.
Эске салсак, Каракол шаарындагы эл аралык аэропорт былтыр реконструкциялоо иштеринен соң ачылган.