Эртең, 21-февралда Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −3...+2, күндүз 10...15;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 9...14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −2...+3, күндүз 11...16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −2...-7, күндүз 2...7;
Нарын облусунда түнкүсүн −9...-14, күндүз 1...6.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн −1...-3° суук, күндүз 12...14° жылуу болот.