Укук коргоо кызматкерлери Бишкек шаардык УКМК менен биргеликте борбор калаадагы соода борборлорунун биринде жардыруучу зат бар деген маалымат тараткан жаранды кармашты. Бул тууралуу uzsushi.com басылмасына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 19-февралда саат 20:03 чамасында борбордук милициянын 102 бөлүмүнө белгисиз адам телефон чалып, «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганын, ал аз убакыттын ичинде жарыларын билдирген. Текшерүү учурунда соода борборунан жардыруучу зат табылган эмес.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (Террордук акт тууралуу билип туруп жалган билдирүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.И кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.