15:29
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Айсулуу Мамашова: «Бишкектеги мамлекеттик кризистик борбор дагы эле иштей элек»

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Бишкектеги мамлекеттик кризистик борбор 2024-жылдын жазында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар менен балдарга эшигин ачпай жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, борбордун иштешине каражат бөлүнгөн эмес.

«Өлкөдөгү бардык кризистик борборлор эл аралык донорлордун каражаттарына көз каранды. Бирок айрым саясий процесстерден улам донорлордон акча түшпөй, кризистик борборлор жардамга муктаж. Белгилей кетсек, алар ижарага алынган имараттарда жайгашкан. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук күчөгөндүктөн бардык кризистик борборлор толуп, мамлекеттик борбор ага карабай иштебей турат», — дейт Айсулуу Мамашова.

Ал белгилегендей, кризистик борборлордун абалы өзгөчө Ош шаарында курч. Бирок шаар мэри да, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү да кризистик борборлорго жардам берүүнү каалабайт.

«Мамлекет кризистик борборлорду колдоого алышы керек, анткени үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган балдары бар аялдардын башка барар жери жок. Мындан тышкары, юридикалык жана психологиялык жардам алуу үчүн аталган борборлорго кайрылышат», — деп кошумчалады эл өкүлү.

Эң көп окулган жаңылыктар