Депутат Саламаттык министрлигинин алдында кайрымдуулук фондун түзүүнү сунуштады

16:59, 19 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова төрага Нурланбек Тургунбек улуунан Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында кайрымдуулук фондун түзүү боюнча министрлер кабинетине протоколдук тапшырма берүүнү суранды.

Ал Орусиядагы «Добро» кайрымдуулук платформасын мисал келтирди.

«Операцияга муктаж болгондорго кыргызстандыктар да жардам беришсе болмок. «Мындай фонд Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында түзүлүшү керек», — деп эсептейт парламентарий.