Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Орусияда миграциялык саясатты катаалдаштыруу боюнча кабыл алынган мыйзамдардан улам мигранттардын укугу бузулуп жатканы тууралуу маалыматтар тынчсызданып жатканын билдирди.
Ал Россия Федерациясынын көптөгөн шаарларында Кыргызстандын консулдуктары бар экенин белгилеп, алардын иши тууралуу Жогорку Кеңеш Тышкы иштер министрлигинен маалымат угушу керек деп эсептейт.
Депутат Орусиядагы мигранттар консулдуктарга канчалык ишенип, аларга кайрыларын, кыргызстандыктардын укугун коргоо боюнча кандай иштерди аткарып жатканын айтып берүүсү үчүн тышкы иштер министрин парламентке чакырууну сунуштоодо.
Эске салсак, 2024-жылдын октябрында Мамлекеттик Дума миграциялык саясатты катаалдаштырууга багытталган мыйзамдардын пакетин кабыл алган. Ал эми 15-ноябрда «Жаңы адамдар» фракциясынын депутаттары «мигранттык ID» деп аталган мыйзам долбоорун киргизүүнү каалап жаткандыгы тууралуу билдирүү пайда болгон.