Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев жер тилкелерине кезектеги мунапыс жарыялоону суранды.
Анын айтымында, Балыкчы мэриясы бүтүндөй бир көчөнүн тургундарын кызыл китеп менен камсыз кылбай, жер тилкелерин тартып алганы жатат.
Эл өкүлү бул көйгөйдү мунапыс мыйзамы менен чечүү керек деп эсептейт.
Эске сала кетсек, 2022-жылдын май айынын аягында министрлер кабинети Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекиткен. Документ калктуу пункттарды жерлердин категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруунун негизги эрежелерин жана жол-жоболорун, комиссия түзүүнүн тартибин, анын функцияларын, пайдалануучулардын тизмелерин түзүүнүн тартибин, жалпыга маалымдоолорду жүргүзүүнүн тартибин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан Жерге мунапыс жөнүндө мыйзамдарга жана Жер кодексине жана Жер жөнүндө мыйзамга ылайык мүлктүк укуктарды камсыз кылуу боюнча чечимдерди кабыл алуу тартибин аныктайт.
Бишкекте жер амнистиясы 2025-жылдын аягында аяктайт.