15:24
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Жанар Акаев: «Алдамчылар депутаттардын атын жамынып, элди алдай башташты»

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Жанар Акаев депутаттардын фейк аккаунттарынан ишкерлерге билдирүүлөр түшүп жатканын билдирди.

«Алдамчылар депутаттардын сүрөттөрүн коюп, Чолпон Султанбекованын, Улан Примовдун жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин атынан ар кандай билдирүүлөрдү жазып жатышат. Алар ар кандай келишимдерди, акчаларды сүйлөшүп жатышат», — деди ал.

Жанар Акаев тиешелүү кызматтар алдамчылык менен күрөштү күчөтүүнү, билдирүү алгандар шектүү адамдарга акча которбоону суранды.

Эң көп окулган жаңылыктар