11:32
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Жогорку Кеңеште “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан жаңы депутат Гүлсүнкан Жунушалиева ант берди.

Ал мандатын тапшырган Гүлшаркан Култаеванын ордуна келди.

Гүлсүнкан Жунушалиева 1969-жылы 16-июлда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылында туулган.

1992-жылы Томск мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн.

1992-1998-жылдары - Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окутуучу (Каракол);

1998-жылдан азыркыга чейин - Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын философия кафедрасынын окутуучусу;

2021-жылдан азыркыга чейин КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору.

7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар