Бүгүн, 20-февралда Бишкекте "Федя. Элдик футболчу" тасмасынын жабык көрсөтүүсү болот. Москванын «Спартак» жана СССРдин курама командасынын легендарлуу оюнчусу Федор Черенков жөнүндө болмокчу. Бул тууралуу уюштуруучул билдирди.
Николай Акелкиндин көркөм тасмасы футболчунун жашоосу жана спорттук карьерасы, тагыраак айтканда, Федор Черенков СССР курама командасынын машыктыруучусу менен пикир келишпестиктен улам футболдон кетүүнү чечкен окуялар тууралуу баяндайт. Бирок үй-бүлөсүнүн колдоосу жана күйөрмандарынын сүйүүсү аны оюнан кайтууга жана турнирде ойноо боюнча эңсеген кыялын ишке ашыруу үчүн күрөшүүгө мажбурлайт.
Тасма Москвада, ВДНХда жана Таганка театрында, ошондой эле Белоруссияда тартылган. Режиссер Николай Акелкин үчүн Федор Черенков жөнүндөгү тасма анын дебюту. Ал буга чейин "Жыйырма тогузунчу" кыска метраждуу тасмасында режиссер жана сценарист болуп иштеген. Ал телеалпаруучу жана журналист Илья Казаков менен бирге тасманын сценарийин жазып, анда тасмадагы окуялардын катышуучулары футболчу Сергей Родионов менен Федор Черенковдун кызы Анастасия консультант болуп иштешкен.
Башкы каарман — футболчу Федор Черенковдун ролун актёр Станислав Румянцев ойногон. Ошондой эле тасмага Николай Фоменко, Борис Щербаков, Александра Дроздова, Сергей Петренко сыяктуу орустун атактуу театр жана кино актерлору катышкан.
Маалымат үчүн: Федор Черенков 1959-жылы 25-июлда Москвада туулган. Футболчуну айтылуу “Спартакка” атактуу Константин Бесков чакырган. 10-номерлүү Федор Черенковдун оюну нукура искусство деп таанылган. Ал катышкан футболдук мелдештерге күйөрмөндөр укмуштуу киного ашыккандай жабылып барып, таң калып, суктанып көрүп отурушчу. Анткени ал чыныгы тамаша оюн тартуулап, бардык голдорду чеберчилик менен киргизчү. Чыныгы легендага айланган виртуоз футболчуну ал гана эмес, атаандаш командалардын күйөрмандары дагы зор сый-урмат менен кубаттап турушчу.