Борбор калаанын мэриясы «Дордой» базарынын артына алты тилкелүү трасса үчүн жер даярдап жатат. Алмата көчөсүнөн Жаш Гвардияга чейинки айланма жолдун боюнда жол курууга тоскоол болгон имараттар, дүкөндөр, соода кеңселери, бак-дарактар жана башка курулуштар бузулуп жатат.
Мындан тышкары, Бишкек мэриясы айланма жолдун боюндагы мыйзамсыз курулган үйлөрдү бузуу боюнча буйруктарды жөнөткөн. Ишке жана кеңейтүүгө тоскоол болгон үйлөрдүн жашоочулары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Жолду кытайлык China Road and Bridge Corporation (CRBC) компаниясы курат. Жол иштери жаз айларында башталып, күзүндө бүтөт.