КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды жашы жете элек кыздардын никеге туруу учурларын алдын алууга чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы билдирди.
Акыйкатчы Институту өз мандатына ылайык, пилоттук долбоор катарында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эрте никенин алдын алуу максатында мониторинг жүргүздү. Мындай мониторингдер өлкөнүн башка облустарында да жүргүзүлөт.
Акыйкатчы кыздардын укуктарын сактоо боюнча чараларды күчөтүүнү, жашы жете электерди расмий жана диний никеге каттоого алууга жол бербөөгө чакырды.
«Кыздардын эрте турмуш куруусуна жол бербөө үчүн, алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл. Эрте никенин кесепеттерин балдарга мектептерде жана үйдө байма-бай түшүндүрүү керек», — деди Акыйкатчы.
Институттун кызматкерлери Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын «Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо» бөлүмүнүн, Сузак райондук төрөт үйүнүн, ошону менен катары эле аталган райондун Ички иштер бөлүмүнүн иш-аракеттерин изилдөөгө алган.
Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматында, 2024-жылдын 9 айында эрте никеге туруу боюнча 23 учур катталган, анын 21и тергөө учурунда кыскартылып, 2 иш боюнча тергөө амалдары улантылууда.
Ал эми, Жалал-Абад облустунун прокуратурасы берген маалыматында 2024-жылдын 9 айында 21 жашы жете элек кыздар саламаттыкты сактоо мекемелеринде кош бойлуулук боюнча каттоого тургандыгы же төрөгөндүгү тууралуу жазылган. Анын ичинен 3 учур гана сотко өткөн.
Калган 18 факт боюнча Сузак райондук милициясы кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.
Сузак районунун төрөт үйүнүн билдирүүсүндө, 2023-жылдын 9 айында 14 жашы жете элек кыз көз жарган. Ал эми, 2024-жылдын 9 айында Сузак районунда 5 өспүрүм төрөгөн.
Ошону менен катары эле, Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын «Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо» бөлүмүнө 2024-жылдын 11 айында 17 жаран нике жашын төмөндөтүүнү сурап, арыз менен кайрылган. Алардын арызынын негизинде 17 өспүрүм кыздын нике жашын төмөндөтүүгө уруксат берилгени маалым болду.
Акыйкатчы Институту аталган комиссиянын чечимининин мыйзамдуулугун аныктоо үчүн Башкы прокуратурага кат жолдогон.
Ага Жалал-Абад облустук прокуратурасы мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлерге тартиптик чара көрүү үчүн Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысына сунуштама жибергенин билдирди.
Сузак районунда эрте турмушка чыгып кеткен кыздардын бири — орто мектепте билим алып жаткан 16 жашар окуучу. Ал өзүнөн алты жаш улуу жигит менен үй-бүлө курганы маалым болду. Жашы жете элек өспүрүмгө аталган айылдын 71 жаштагы имамы нике кыйган.
Бул иш боюнча, Базар-Коргон РИИБ тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 175-беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы маалым болду.
Ал эми, Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматында имам өз эрки менен жумуштан кеткен.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы Жалал-Абад облусу боюнча 15-17 жашка чейинки 68 кыз көз жарган. Ал эми, ушул эле жаш курактагы кыздардын бойдон алдыруусу боюнча 2023-жылы 9 учур катталган.
Баткен облусунда 15-17 жашка чейинки 6 кыз көз жарса, Ош облусу боюнча 23 кыз төрөгөн. Ал эми Ысык-Көл облусунда — 13, Нарында — 8, Таласта — 11, Чүйдө 60 жашы жете элек кыздар көз жарган. Ош шаары боюнча 6, Бишкек шаарында 56 өспүрүм кыз төрөгөн.
Республика боюнча 2023-жылы 15-17 жашка чейинки 310 кыз көз жарган.
Ошону менен катары эле, 2024-жылдын маалыматтары Саламаттык сактоо министрлигинен суралган. Азырынча жооп күтүлүүдө.
Акыйкатчы Институту жашы жете элек кыздардын укуктарынын сакталышын күчөтүүгө Башкы прокуратурага, Билим берүү министрлигине, ИИМге жана Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгына кат жолдоду.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2024-жылдын 12 айында өлкө боюнча жашы жете электерге нике кыюу боюнча жалпысынан 29 кылмыш иши козголгон.