Орусиянын Ленинград облусунун Усть-Луга кыштагында кафеде өрт чыгып, Кыргызстандын беш жараны ар кандай деңгээлде жаракат алган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуядан кийин 17-февралда Кыргызстандын эки жараны текшерүү үчүн Ленинград облустук ооруканасына жеткирилген, дагы үчөөнө облустагы Гатча ооруканасында медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга кое берилген.
Орусиянын тергөө органдары кылмыш ишин козгоду. Кыргызстандын Башкы консулдугу бул маселени көзөмөлдөп турат, деп айтылат маалыматта.
Ленинград облусунун прокуратурасы окуя болгон жерде тартылган сүрөттөрдү жарыялады. Сүрөттөр боюнча, өрт кафе жайгашкан эки кабаттуу имаратты дээрлик толугу менен жок кылды.