15:33, 17 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com
Кыргызстандын гимнинин музыкасын жана текстин өзгөртүү боюнча комиссиянын иши 21-апрелге чейин узартылды. Бул боюнча бүгүн, 17-февралдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин отурумунда токтом кабыл алынды.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиевдин айтымында, бүгүнкү күндө жарандардан 16 долбоор кабыл алынып, каттоодон өткөн.
«Электрондук дарекке 234 жарандан 401 суроо-талап жана сунуштар түшүп, алар боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деди ал.
Тимурлан Ажымалиев долбоорлорду кабыл алуу уланып жатканын, ошондуктан «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын даярдоо жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомун ишке ашыруунун мөөнөтүн узартуу сунушталганын кошумчалады.
Эске салсак, гимдин текстине жана музыкасына 20-мартка чейин республикалык сынак жарыяланган эле. Анда министрлик биринчи орунга 1,5 миллион сом убадалаган. Токтомго ылайык, мекемелер аралык комиссия депутаттарга жаңы гимндин үч вариантын бериши керек. Андан соң эл өкүлдөрү жыйынтыктоочу вариантын тандап, бекитишет.