21:53
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Былтыр кыргызстандыктар эл аралык мелдештерде 835 медаль утушту

2024-жылы кыргызстандыктар эл аралык мелдештерде 835 медаль жеңип алышкан. Мындай маалыматтар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өткөн спорттук сезондун жыйынтыгы боюнча жыйынында айтылды.

Белгиленгендей, сыйлыктарды өлкөнүн ар кандай мелдештерге катышкан командалары жеңип алышкан. 835 медалдын 283ү алтын, 223ү күмүш жана 329у коло болгон.

Спортчуларга 397 спорттук наамдар ыйгарылган, анын ичинен 281 Кыргызстандын спорт чебери жана 54 эл аралык класстагы спорт чебери болушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар