Саламаттыкты сактоо министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Манас Токтомуратов министрдин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул кызматты 2023-жылдын октябрынан бери аркалап келген Медербек Исмаилов ээлеген кызматынан бошотулган.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду